АРХЕГОНИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:24, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРХЕГОНИЙ (гр. arche – башталыш жана gone -төрөлүү, туулуу) – мамык чөп, плаун, кырк муун,папоротник жана жылаңач уруктуу өсүмдүктөрдүн энелик жыныс органы. Архегонийдин төмөн жагы көп клеткалуу, жазы, анда ири энелик клетка, анын үстүндө канал клеткасы жайгашкан. Жогору жагы моюнчасы деп аталат. Анда моюн канал клеткалары жайгашат. Энелик клетка жетилгенде төмөнкү жагы менен моюнча канал клеткалары аттракнат деп аталган жыныс клеткалуу былжырга айланат. Архегоний чоку жагынан ачылат. Былжырлуу канал аркылуу сперматазоиддер энелик клетканы уруктандырат. Мындай өсүмдүктөр Архегонийлүү өсүмдүктөр деп аталат. Эволюция процессинде Архегоний жөнөкөйлөнүп отуруп, гүлдүү өсүмдүктөрдө болбойт.