АРУЗ, а р у д

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:23, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРУЗ, а р у д (ар.) – түрк тилдеринде сүйлөгөн калктардын классикалык поэзиясында, ошондой эле араб-фарсы адабиятында тараган ыр түзүлүшү. Бул түзүлүштөгү ырлар узун жана кыска муундардын кезектешип алмашуусуна, ошондой эле саптагы муундардын сапатына жана чен-өлчөмүнө негизделет.
Аруз менен жазылган алгачкы чыгармалардын бири – Жусуп Баласагунинин «Кутадгу билиг» дидактикалык дастаны. Аруз ар элде өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ болуп, «араб арузу», «фарсы арузу»,«түрк арузу» деп жиктелет. Ал Жами, Навои, Хафиз, Саади, Бабур, Махтумкули, Низами ж. б. классиктердин ыр жазуу системасына айланган.