АРУЗ, а р у д

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:49, 4 Июль (Теке) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

, а р у д (ар.) – түрк тилдеринде сүйлөгөн калктардын классикалык поэзиясында, о. эле араб-фарсы ад-тында тараган ыр түзүлүшү. Бул түзүлүштөгү ырлар узун ж-а кыска муундардын кезектешип алмашуусуна, о. эле саптагы муундардын сапатына ж-а чен-өлчөмүнө негизделет.
А. м-н жазылган алгачкы чыгармалардын бири – Жусуп Баласагунинин «Кутадгу билиг» дидактикалык дастаны. А. ар элде өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ болуп, «араб арузу», «фарсы арузу», «түрк арузу» деп жиктелет. Ал Жами, Навои, Хафиз, Саади, Бабур, Махтумкули, Низами ж. б. классиктердин ыр жазуу системасына айланган.