АРТМАНЕ ВИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРТМАНЕ Вия (өз аты – Алида; 21. 8. 1929-ж. т., Тукум ш.) – латыш артисти, СССР эл артисти (1969), Латвия ССРинин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1980). 1949-ж. Ригадагы Райнис атындагы көркөм театрдын алдындагы студияны бүткөн, 1949–98-ж. ушул эле театрда (1989-жылдан «Деймес» театры) эмгектенген. Ал түзгөн аялдардын образдарына назиктик, боорукерлик, асылзаадалык мүнөздүү. Аткарган белгилүү ролдору: Абигайль (Э. Скриба, «Бир чөйчөк суу»), Офелия, Джульетта (У. Шекспир, «Гамлет», «Ромео жана Джульетта»), Настасья Филипповна (Ф. М. Достоевский, «Кейбир»), Аркадина (А. П. Чехов, «Ак чардак»), Елизавета (Ф. Брукнер, «Елизавета Английская»), Тереза Ракен (Э. Золя, «Тереза Ракен»). 1998–99-ж. жаңы Рига театрында Графинянын (А. С. Пушкин, «Карганын маткеси» ж. б., ролдорду аткарган. 1983–87-ж. Латвия CCP театр коомунун председатели. Кинофильмдерде (1956-жылдан) аткарган ролдору: Соня («Өз каны», 1964), Аял («Эч ким өлүүнү каалаган эмес», 1966), Кристина («Эдгар жана Кристина», 1964) ж. б. «Ардак Белгиси» ордени м-н сыйланган.