АРТИЛЛЕРИЯЛЫК ЧАБУУЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:35, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРТИЛЛЕРИЯЛЫК ЧАБУУЛ– чабуул учурундагы артиллериянын күжүрмөн аракеттеринин жыйындысы. А. ч. согушта артиллериянын, жөө аскерлердин, танкалардын биримдикте аракеттенүүсү менен душмандын коргонуусуна тереңдете үзгүлтүксүз, бир мезгилде сокку уруп жок кылуу максатын көздөйт. А. ч. 3 мезгилге бөлүнөт: чабуулду даярдоо, чабуулду колдоо жана душмандын коргонуусуна тереңдеп кирген жөө аскер менен танкалардын аракетин колдоону камсыз кылуу.