АРТИЛЛЕРИЯЛЫК ЧАБУУЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:49, 4 Июль (Теке) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

– чабуул учурундагы артиллериянын күжүрмөн аракеттеринин жыйындысы. А. ч. согушта артиллериянын, жөө аскерлердин, танкалардын биримдикте аракеттенүүсү м-н душмандын коргонуусуна тереңдете үзгүлтүксүз, бир мезгилде сокку уруп жок кылуу максатын көздөйт. А. ч. 3 мезгилге бөлүнөт: чабуулду даярдоо, чабуулду колдоо ж-а душмандын коргонуусуна тереңдеп кирген жөө аскер м-н танкалардын аракетин колдоону камсыз кылуу.