АРТЕРИТ
АРТЕРИИТ – артерия кан тамырларынын каптал беттеринин сезгениши. Артерииттин катуу кармаган жана өнөкөт түрү бар. Катуу кармаган Артериит жугуштуу оору менен (баш келте, ич келте, сепсис, грипп ж. б.) ооругандан кийин болот. Мында артерия капталынын серпилгичтиги жана булчуң талчалары бузулат, капталында жабышкан тромб пайда болот. Ириңдүү Артериит абдан коркунучтуу, анда артерия капталы чирип, айрылат же аневризмага учурайт. Өнөкөт Артериит туберкулёз, котон жара, аш казандын жарасы ж. б. ооруларга чалдыккандарда байкалат.