АРТЁМОВ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:22, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРТЁМОВ КЕНИ – Украинадагы таш туз кени. Запасы боюнча (5 млрд тдан ашык) дүйнөдөгү ири кендердин бири. Донецк облусундагы Бахмут жана Тара дарыясынын өрөөнүндө. Артёмов шаарына жакын. Kypaмында NaCl 97,7–98,7%. 1871-жылы ачылып, 1881-жылдан жер астынан казылып алынат. Донецк туздуу бассейнинде, Славян-Бахмут синклиналында жайгашкан. Туздуу структуранын узундугу 45 км, туурасы 35 км. Пермь мезгилинде пайда болгон туздуу катмар 19 кабатты камтыйт. Алардын жалпы калыңдыгы 180 м. Калыңдыгы 12–50 м болгон 340 мге чейинки тереңдиктеги 3 кабаты өнөр жайлык мааниде; Артёмов кенинин тузу организмге өтө керектүү микроэлементтердин комплексине бай.