АРСЫГУЛОВА Жумакалый

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:44, 30 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРСЫГУЛОВА Жумакалый (1922, Чүй обл., Coкулук р-ну, Төш-Булак айылы – 1948, Фрунзе) – туңгуч балет бийчиси. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1945). Алгач медициналык окуу жайда, 1934-ж. Ленинграддагы хореографиялык окуу жайында окуган. 1939-ж. Москвада өткөн кыргыз искусствосунун он күндүгүнө катышкан. 1941-ж. Улуу Ата Мекендик согуш башталгандыктан, Фрунзеге келип, Кыргыз музыкалык театрында (азыркы Кыргыз мамлекеттик опера ж-а балет театрында)
иштей баштаган. Балетмейстер В. Козлов койгон А. Крейндин «Лауренсия» балетинде башкы партияны, М. Раухвергердин «Чолпон» балетинде Айдайды аткарган. М. Күрөңкөев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык хореографиялык окуу жайында педагог болуп иштеген. «Ардак Белгиси» ордени м-н сыйланган.

Файл:АРСЫГУЛОВА 35.png
Ж. Арсыгулова – Лауренсия. «Лауренсия» балети (1946).