АРСЫГУЛОВ Жекшеналы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:49, 4 Июль (Теке) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

Жекшеналы (1928-ж. т., Чүй обл., Сокулук р-ну, Төш-Булак айылы) – артист, КРдин эл арт. (1986). Эмгек жолун 1942-ж. Сокулук р-ндагы «Төш булак» чарбасында колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1945-жылдан Кыргыз драма театрында артист. Жалпысынан 100дөн ашуун роль ойногон, алардын көрүнүктүүлөрү: Олег Кошевой (А. Фадеев,

Файл:АРСЫГУЛОВ 33.png


«Жаш Гвардия»), Эрмек (А. Куттубаев, К. Маликов, «Биз баягы эмеспиз»), Өмүркул (М. Toкобаев, «Кайгылуу Какей»), Бобчинский (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Жапалак (Р. Шүкүрбеков, «Жапалак Жатпасов»), Маке чал (Б. Жакиев, «Алтын аяк»), Малабай (Т. Абдумомунов,

Файл:АРСЫГУЛОВ 34.png
А. Островскийдин «Күнөөсүз күнөөлүүлөр» спектаклинен көрүнүш. Шмага – Ж. Арсыгулов, Незнамов – С. Далбаев.


«Жыгылган оогонго күлөт»), Эдгар (У. Шекспир, «Король Лир»), Плюшкин (Н. Гоголь, «Өлүү жандар»), Нурмат (А. Осмонов, «Maxaбат»). Медалдар м-н сыйланган.