АРСТАН топ жылдызы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:04, 10 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРСТАН– зодиак топ жылдызы. Жылдыз картасынан Арстан топ жылдызынын α, β, δ, θ, γ, ξ, η, λ, μ, ε ж-a λ жылдыздары арстанды элестетет. Арстан топ жылдызынын өтө жарык жылдызы (α-Арстан) – Регул. Регулдун айланасында айланган эки жылдыздын чоңдуктары 7,6m жана 13m. Арстан топ жылдызынын ץ -Арстанынын бирөө сары түстө, экинчиси кызгылт түстө болуп, кош жылдыздарды түзөт. Арстан топ жылдызына тушма-туш аймактан галактикалар табылган. Ноябрь айында радианты а=152°, δ =+22° болгон Леониддер – метеор уюгу байкалат. КМШ өлкөлөрүнүн аймагынан кышында жана жазында көрүнөт.