АРОМАТТЫК УГЛЕВОДДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:16, 10 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРОМАТТЫК УГЛЕВОДДОР – молекулаларында көмүртек менен суутек атомдору гана болуп, бир же бир нече бензол ядролорунан турган, капталдарында каныккан же каныкпаган углеводороддордун радикалдары бар бирикмелер. Аларга бензол, толуол, ксилолдор, стирол, нафталин, антрацен жана башкалар тиешелүү.