АРМЯН-АПОСТОЛ ЧИРКӨӨСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:19, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРМЯН-АПОСТОЛ ЧИРКӨӨСҮ– христиандык чиркөөнүн эң байыркысы. Чиркөөнүн мүчөлөрүн армян-григоряндар деп аташат. Анткени, анын негиздөөчүсү катары Григор Агартуучуну эсептешет. 301-жылы Григордун демилгеси менен Армениянын падышасы Тиридат III христианчылыкты кабыл алган жанa Армения христиан динин мамлекеттик дин деп жарыялаган дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калган. Армян-апостол чиркөөсүндө Кудайга тайынуу көбүнчө түн ичинде, байыркы армян тилинде жүргүзүлөт. Чиркөөнүн башында патриарх-каталикос турат. Учурда армян-григоряндардын саны 4,6 млнго жетет. Алардын көпчүлүгү Арменияда (2,6 млн), мындан тышкары АКШ, Канада, Бразилия, Россия, Грузия ж. б. өлкөлөрдө бар.