АРМЯН-АПОСТОЛ ЧИРКӨӨСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:32, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРМЯН-АПОСТОЛ ЧИРКӨӨСҮ– христиандык чиркөөнүн эң байыркысы. Чиркөөнүн мүчөлөрүн армян-григоряндар деп аташат. Анткени, анын негиздөөчүсү катары Григор Агартуучуну эсептешет. 301-ж. Григордун демилгеси менен Армениянын падышасы Тиридат III христианчылыкты кабыл алган ж-a Армения христиан динин мамлекеттик дин деп жарыялаган дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калган. А.-а. ч-ндө Кудайга тайынуу көбүнчө түн ичинде, байыркы армян тилинде жүргүзүлөт. Чиркөөнүн башында патриарх-каталикос турат. Учурда армян-григоряндардын саны 4,6 млнго жетет. Алардын көпчүлүгү Арменияда (2,6 млн), мындан тышкары АКШ, Канада, Бразилия, Россия, Грузия ж. б. өлкөлөрдө бар.