АРМСТРОНГ Луи Даниел

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:22, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРМСТРОНГ Луи Даниел (4. 08.1901, Жаңы Орлеан, Луизиана – 6. 7. 1971, Куинс, Нью-Йорк) – америкалык джаз трубачысы ж-а ырчы, киноактёр. 13 жашынан трубада ойноп, 1924-ж. Нью-Йорктогу концертте аткарган. 1927-ж. Л. Армстронг «Биринчи класстык бешилик» ж-а «Биринчи класстык жетилик» джаз-оркестрлерди (Нью-Йорк) уюштурган ж-а жетектеген, Лондондо, Парижде, Берлинде ж. б. гастролдо болгон. Радиотелеберүүлөрдө, фильмдерге тартылган. Трубачы-виртуоз катары джаз оркестрлердин конкурстарында жогорку сыйлыктарын алган.

Файл:АРМСТРОНГ 24.png