АРМОКОЛИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:43, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРМОКОЛИТ-- (Айга алгачкы жолу учкан америкалык астронавттар – Армстронг, Олдрин, Коллинздин аттарынан) – табигый оксиддер классындагы сейрек минерал. Хим. формуласы (Mg, Fe2+) Ti2O5. Айдын кыртышынын үлгүсүнөн табылган. Ромб сингониясында кристаллданат. Өңү боз, металлдай жалтырак. Катуулугу Mooc шкаласы б-ча 5. Бүртүкчө түрүндө (300 микронго чейин) кездешет. Минерал төмөнкү басымда ж-а жогорку темп-рада пайда болот. Жер бетинде айрым магма тоотектеринде ж-а метеориттерде кездешет.