АРМИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:37, 10 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРМИЯ (Фр. armee, лат. armo – куралдандыруу) _ I) кургактагы аскерлер, аскер-деңиз флоту; 2) мамлекеттин куралдуу күчтөрүнүн жалпы жыйындысы; 3) аскердик оперативдик бирикме. Мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн көбөйүшү, алардын кеңири фронтто жайгашуусу жана ар түрдүү багытта аракеттенчү аскер топторун башкаруунун кыйындашы, ошондой эле согуш аракеттерин жүргүзүүгө таасир тийгизген жаңы факторлордун пайда болушу бир эле согуш театрында бир нече Армияны түзүү зарылчылыгын туудурат. Ap бир Армиянын номери, өзүнчө штабы, тылы, Аскердик совети болот. Армия командачынын жетекчилиги менен жекече оперативдик милдеттерди аткарат. Бүгүнкү күндө Куралдуу Күчтөрдүн түрүнө, курамына, ишке ашыруучу милдеттерине карай Армия төмөнкүчө бөлүнөт: Аба чабуулунан коргонуучу Армия, Авиациялык Армия, Аба-десант Армиясы, Жалпы аскердик Армия, Танк Армиясы жана башкалар. Адам коомунун тарыхында туруктуу Армия, жалданма Армия, дыйкандар Армиясы, атчандар Армиясы сыяктуу Армиялардын болгондугу белгилүү. Эгемендүүлүккө ээ болгону Кыргызстан да 1992-жылы өзүнүн аскердик уюмун түзгөн.