АРМАН ЫРЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:18, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРМАН ЫРЛАРЫ – кыргыз элинин оозеки көркөм чыгармачылыгында кеңири тараган лирикалык ырлардын бир түрү. Анда каармандын эрксиздиктин, теңсиздиктин натыйжасында келип чыккан күйүтү, муң-зары, капалыгы, нааразылыгы, каршылык көрсөтүүсү билдирилет. Арман жанрын өркүндөтүүдө элдик ырчылардын ролу чоң болгон. Тоголок Молдо, Токтогул, Барпы жана башка акындардын чыгармачылыгында арман жанр катары кадыресе жашоосун уланткан. Азыркы акындар тарабынан да турмуш жагдайларга байланыштуу арман ырлары жаралууда (мисалы, К. Алмазбеков. «Он үч жашар баланын арманы», А. Рыскулов. «Өрүк комуз» жана башкалар).