АРКАК ТYPГҮЧ МАШИНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:29, 9 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРКАК ТҮРГҮЧ МАШИНАаркак жибин чыгырыкка түрүүчү машина. Токуучу машинанын ийигине чыгырык кийгизилет да, эки кыскыч менен кысылат. Ийик айланганда чыгырык кошо айланып, аркак жибин түрөт. Аркактын чыгырыкка текши түрүлүшү атайын механизм менен жөнгө салынат. Жип чыгырыкка түрүлүп бүткөндө же үзүлгөндө, чыгырык өзүнөн өзү токтойт. Жиптин жоондугу атайы орнотулган прибор менен текшерилип турат.