АРИСТОФАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:16, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРИСТОФАН (б. з. ч. 446–385-жылдар ченде, Греция) – байыркы грек драматургу, акын-комедиограф, «комедиянын атасы». Аристофан жөнүндө маалымат өтө аз. Ахарняндыктар» (425), «Атчандар» (424), «Аарылар» (422), «Тынчтык» (421), «Куштар» (414), «Фесмофорий майрамындагы аялдар», «Бакалар» (405), «Аялдар эл жыйынында» (392), «Плутос» (388) деген комедиялары сакталып калган. Аларда доор курч коюп жаткан маселелер ачык көрсөтүлүп, социалдык теңсиздик ашкереленген, эл таламында болгон, аларга жакшы каалоо-тилектерин билдирген. Ал комедияларында маанилүү окуяларга кайрылып, согуш саясатына каршы чыккан («Лисистрата»), реалдуу инсанды жемелеп («Булуттарда» Сократты), фантастикалык кырдаалдар чагылдырылган. Аристофандын комедияларын Э. Роттердамский, Г. Фильдинг, Н. В. Гоголь, В. Г. Белинский, сынчы А. В. Лу­начарский ж. б. жогору баалаган.