АРИОЗО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:16, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРИОЗО (итал. arioso, aria – ария) – 1) арияга караганда көлөмү чакан, речитативден обонунун жөнөкөйлүгү жана мукамдуулугу менен айырмаланган операдагы, кантатадагы вокалдык композиция. 17-кылымда италиялык операда (К. Монтеверди, М. А. Честинин) речитативдин обондуу бөлүгүн ариозо түзгөн. 19–20-кылымдын операларында ариозо анча чоң эмес ария, башкача айтканда лирикалык ыр («Евгений Онегин» операсындагы Ленскийдин, П. И. Чайковскийдин «Карганын маткесинде» Лизанын ариозосу) кээде обондуу декламация мүнөзүндө болгон. К. Ариетта, Каватина; 2) атка­руучулукта кантилендик мүнөздөгү аткарууну жана ырдоону (ария сыяктуу) көрсөтүүчү белги.