АРИДДИК КЛИМАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:28, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРИДДИК КЛИМАТ– абанын темп-расы жогору жана жаан-чачын аз жааган кургак климат.

Мында аба темп-расынын суткалык жана жыл­дык өзгөрүүсү кескин, жаан-чачын жок же өтө аз (жылына 100–150 мм) болот. Жылдык орт. нымдуулук коэфф. 30% ти түзөт. Сутка ичинде темп-ранын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу жер кыртышындагы чулу тоо тектер талкаланып, кумга айланат. А. к. негизинен тропиктик жана субтропиктик алкактарга (Сахара, Араб ж. а-дагы чөлдөргө, Австралияга, о. эле Түн. жана Түш. Американын, Борб. жана О. Азиянын чөлдөрүнө) мүнөздүү.