АРИД РЕЛЬЕФИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 15 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРИД РЕЛЬЕФИ – рельеф пайда кылуучу процесстердин таасири астында чөл, жарым чөлдөрдө жана кургак талааларда калыптанган рельефтин тиби. Ал шамалдын (дефляция, эол-аккумуляциялык), чөл үбөлөнүүсүнүн, убактылуу курул­ган агын суулардын эрозиясынын аракетинен түзүлөт. Дөңсөө, плато, тоо этеги жана тоолорго ариддик денудация жана эрозиядан пайда бол­гон рельефтин (педименттер, бедленддер, каксоо жерлер) формалары, ал эми түздүктөр менен ойдуңдарга таштуу чөлдөрдүн түрдүү типтери, эол рельефтүү (бархандар, кум дөбөлөрү ж. б.),шортоң жерлүү жана көлдүү чуңкурчактар, такырлар мүнөздүү.