АРИАНЧЫЛЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:42, 30 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРИАНЧЫЛЫК– александриялык поп Арий тарабынан негизделген христиандык диний окуу. Ал (318-ж. чен) расмий түрдө чиркөө жоболоруна каршы чыккан. Кудай уулу Христос Кудай атадан жаралгандыктан, ал түбөлүктүү эмес ж-а акылмандуулугу б-ча Кудай атага салыштырганда экинчи даражада турат деп далилдеген. Анын тарапкерлери көп болсо да, чиркөө тарабынан көп кысымчылыкка, куугунтуктоого дуушар болгон. Ошондой болсо да А-тын дин окуусу христиан дининде (к. Троица) кудай ата, кудай уулу ж-а кудай ыйык рух, периште ж-дөгү догматтын чыгышына алып келди.
М. Абдылдаев.