АРЕТ Аулис Якобович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:10, 30 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРЕТ Аулис Якобович (1907–1974) – педагог, педагогика илимдеринин доктору, профессор. Эстонияда гимназияны жана Тарту университетин бүтүргөн (1932). 1957-жылдан Кыргыз мамлекеттик университетинде доцент, кафедра башчысы болуп эмгектенген. Өзүн өзү тарбиялоо теориясын ачкан ж-а жогорку окуу жайларында, илимий педагогикалык тармакта кеңири пайдаланган. Анын ырастоосу б-ча ар бир инсан аң-сезимдүү максатка умтулуучулукта өзү м-н өзү иштей алат. Өзүн өзү аңдап билүү, сыноо, баалоо, анализдөө, отчёт берүү, мажбурлоо, кармай билүү ж-а башкаруу ж. б. түшүнүктөрдүн маани-маңызын, аларды практикада колдонуунун методикасын иштеп чыккан.