АРЕОПАГ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:25, 30 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРЕОПАГ(гр. Areis pagos – Арео дөбөсү) – Ба­йыркы Афиныдагы бийлик органы. Ал уруулук түзүлүш доорунда келип чыккан ж-а анын мүчөлөрү өмүрүнүн аягына чейин шайланышкан. А-дын жыйындары Афиныдагы Арес дөбөсүндө өткөрүлгөндүктөн, ушундайча аталган. А. ке­ңири саясий, диний, сот ж-а көзөмөлдөө бийлигине ээ болуп, адегенде аристократиянын, анан олигархиянын тиреги болгон. Афины демократиясынын өнүгүүсүнө зор салым кошкон. Эфиальттын реформасынан кийин А-дын бийлиги улам чектелип олтуруп, саясий бийликтен ажыратылган.