АРЕАЛ
АРЕАЛ (латынча area – аянт, мейкиндик) – жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн белгилүү түрү, уруусу жана тукумунун жер бетинде таралган аймагы. Андагы түр ошол аймактын бардык жеринен кездешсе – т у т а ш, аймакта түрлөр топ-топ болуп бөлүнүп кездешсе – ү з г ү л т ү к т ү ү ареал деп аталат. Ареалдын аянты ар түрдүү, мисалы, айрым түрлөр чакан аянтта (тоо чокусу, арал, капчыгай, көл) гана, башкалары өтө кеңири таралып, бир нече материкте, аймакта жашайт. Кээ бир түрлөр (дан өсүмдүктөрү, таранчылар) Жер шарынын бардык булуң-бурчунда таралган. Булар к о с м о п о л и т т е р деп аталат. Аны үйрөнүү фауна менен флораны аныктоодо чоң мааниге ээ. Ареалды изилдөө картага түшүрүү менен жүргүзүлөт.