АРГЫНДАШТЫРУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:36, 6 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРГЫНДАШТЫРУУ – тукум куума касиеттери ар түрдүү организмдерди кайчылаштыруу же кыйыштыруу; өсүмдүк жана жаныбар селекция ыкмаларынын бири. Табияттагы биологиялык формалардын эволюциясындагы негизги фактор болуп эсептелет. Өсүмдүк жана малды чарбалык баалуу белгилери боюнча тандоодо, ошондой эле жаңы порода (сорт) чыгарууда баштапкы материал болуучу гибрид жана метис, чалыш, аргын алуу үчүн, асыл тукум ишинде породаларды жакшыртуу жолу катары же малдын кунардуулугун жогорулатуу үчүн пайдаланылат. Анын түрдүү жолдору бар. Ал тектеш жана тектеш эмес болуп бөлүнөт. Тектеш эмес Аргындаштыруунун түрлөрү: порода аралык (сорт аралык), линия аралык, түпкү тегинен Аргындаштыруу. Мал чарбасында Аргындаштыруу метистештирүү деп аталып, аскания кою, ала-тоо ую, кыргыз уяң жүндүү кою жана башка породалар чыгарылган. Өсүмдүк жасалма жана табигый жол менен аргындашат. Табигый Аргындаштыруу шамаал, чымын – чиркей жана башкалардын жардамы менен жүрөт. Жасалма Aргындаштырууну адам жүргүзүп, өсүм­дүктүн ар кандай пайдалуу сорттору алынган. к. Гибриддештирүу.