АРГОНАВТТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:14, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРГОНАВТТАР (грек тилинде Arqonautai, Arqo – кеменин аталышы жана nautes – деңизде сүзүүчүлөр) – байыркы грек мифтериндеги Колхидада ажыдаардын кайтаруусунда турган сыйкырдуу койдун алтын жүндүү терисин алып келүүгө аттанган легендарлуу баатырлар. Ясон (Иолктук) баштаган баатырлар терини алып келүү үчүн «Арго» кемесинде сапар тартышкан (ушундан улам аргонавттар деп аталган). Көптөгөн кыйынчылыктар менен коштолгон укмуштуу окуяларды баштарынан өткөрүшүп, акыры алар сыйкырчы Медеянын жардамы менен ажыдаарды уктатып, алтын териге ээ болушат да, аны Грекияга алып келишет. Аргонавттар жөнүндөгү миф гректердин дүйнөнүн белгисиз аймактарын таанып-билүүгө умтулуусун жана алардын байыркы мезгилдердеги Кара деңиздин жээктерине жасаган деңиз саякаттарынын тарыхын чагылдырат.