АРГАС КЕНЕЛЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:13, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРГАС КЕНЕЛЕРИ (Argasida) – кан соруучу кенелер тукуму. Демейде кененин дене узундугу 2 -13 мм, күңүрт боз түстө, башы анча чоң эмес, көзү жок. Алар көбүнчө адам жашаган турак жайда жана мал сарайларда кездешет. Кан менен азыктанат. Ал 30-40 минга чейин кан сорот, тойгон кене кайрадан жерге түшүп тактай жаракаларына, тешиктерге кирет. Аргас кенелери 20-25 жыл жашайт. Алардын 100дөй түрү негизинен жылуу жана кургак райондордо кезигет. Ич келте оорусун козгойт. Ооруну козгоочу микробактериялар адам денесине кененин шилекейи аркылуу жугат.