АРБИТРАЖ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 14 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРБИТРАЖ [фр. arbitrage – арбитр, ортомчу, третейлик (аралык) сот] – тараптардын макулдашуусунун негизинде талаш-тартыш маселелерди сот органдарына эмес, айрым адамдарга - арбитрлерге же третей (аралык) сотторго (судьяларга) кайрылып чечүүнүн ыкмасы (методу). Арбитраж жарандардын жана уюмдардын бузулган укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодогу соттук формага карата жол альтернативдүү болуп эсептелет. Анын өзгөчөлүгү – иштердин каралыш тартиби жана арбитрлердин персоналдык курамы тараптардын макулдашуусу менен аныкталышы жана мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте дайындалышы. Арбитраж негизинен соода операцияларынан, жүк ташуудан, товар жеткирүүдөн ж. б. чыккан мүлктүк талаш-тартыштарды чечет. Арбитраж органдарынын функцияларын третейлик (аралык) соттор аткарат. Ошондой эле ара­лык Арбитраж, улуттук Арбитраж, башкача айтканда мамлекеттик жана ведомстволук деп экиге бөлүнөт.