АРАШАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:11, 14 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАШАН – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыштак. Арашан айыл округунун борбору. Аламүдүн суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1200 м бийиктикте жайгашкан. Райондун бор­бору Лебединовка кыштагынан жана Аламүдүн темир жол бекетинен 27 км түштүк тарапта, 1924-жылы отурукташкан. Калкы 3799 (2009); мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, маданият үйү, турмуш тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, жазуучулардын «Арашан» эс алуу үйү бар.