АРАШАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:19, 6 Июнь (Кулжа) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Чүй обл-нун Аламүдүн р-ндагы

кыштак. Арашан айыл округунун борбору. Аламүдүн суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңг. 1200 м бийиктикте жайгашкан. Райондун бор­бору Лебединовка кыш-нан ж-а Аламүдүн темир жол бекетинен 27 км түш. тарапта, 1924-ж. отурукташкан. Калкы 3799 (2009); мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мек­теп, бала бакча, оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, мад-т үйү, турмуш тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, жазуучулардын «Арашан» эс алуу үйү бар.