АРАРАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:12, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАРАТ (түркчө А г р ы д а г – ийри тоо; армянча М а с и с – улуу; иранча – Н о й т о о с у) – Армян тайпак тоосундагы эң бий­ик жанар тоо массиви. Түркиянын чыгышында (Армения менен Ирандын чек араларына жакын жеринде). Негизи бирге эки конустан – Чоң Арараттан (бийиктиги 5122 м) жана Кичи Арараттан (3896 м) турат. Базальт тоо тектеринен түзүлгөн. Капталдарында лава, 4250 мден жогору дайыма кар жатат; 30дай мөңгү бар.