АРАНЖИРЛЕШТИРҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:57, 14 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАНЖИРЛЕШТИРҮҮ (фр. arranger – жайгаштыруу, тартипке салуу) – 1) бир аспап үчүн жазылган музыкалык чыгарманы башка аспапта аткарууга ылайыкташтыруу; 2) музыкалык чыгарманы жөнөкөйлөтүп ошол эле аспап үчүн жазуу; 3) эстрадалык музыкада – жаңы, белгилүү обонду үндөштүрүү жана аспапташтыруу. Мисалы, К. Орозовдун «Ибарат» күүсүнүн эл аспаптар оркестрине салынышы.