АРАМЕЙЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:49, 5 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАМЕЙЛЕР– батыш семит тилдеринде сүйлөгөн Алдынкы Азиядагы байыркы семит эли биздин заманга чейин миң жылдыктын ортосунда Аравия жарым аралынын түндүк-чыгышын мекендешкен. Болжол менен биздин заманга чейин 1360-жылы ассириялык-вавилондук жазма булактарды Дильмундун (Бахрейндин) коңшулары катарында эскерилет. 1350-жылдары Арамейлер түндүк-батышка журт которуп, жаңы ээлеген аймактарда эки жамаатты негиздешет. Алардын ахламейлер деп аталган бир бөлүгү Евфраттын ортоңку бөлүгүндө отурукташкан. биздин заманга чейин 14-кылымдын экинчи жарымы – 11-кылымдын башында ахламейлер бир нече жолу ассириялыктар менен согушушкан. «Арамейлер» деп аталган экинчи бөлүгү ахламейлердин түштүк бөлүгүнө жайгашып, Сирия, Палестинанын чегине чейин, биздин заманга чейин 3-кылымдын аягында, египеттик булактарда «Арамейлер өлкөсү» деп аталган Дамаск оазисин жана ага чектеш Түштүк Сириянын аймактарын жердеп калышкан. биздин заманга чейин 11-кылымда мында Түштүк Сириялык: Арам-Дамаск, Арам-Цоба, Бет-Рехов ж. б. арамей падышалыктары түзүлгөн. Биздин заманга чейин 11-10-кылымдын чегинде Арамейлер тектеш ахламейлерди ассимиляциялоо менен бүткүл Чыгыш Месопатамияны ээлешкен. Биздин заманга чейин 10-кылымдын башында Түндүк Сирияда Самаль жана Арпад аталган жаңы арамей падышачылыктары жана Жогорку Месопотамияда арамей бирикмеси түзүлгөн. Биздин заманга чейин 920-855-жылдары ассириялык падышалар Жогорку Месо­патамиялык бардык Арамейлерди багындырышкан, ал эми 732-жылы Арам-Дамаск падышалыгынын кулашы менен сириялык Арамейлер Ассирия державасынын курамына кирген. 7-кылымдагы араб басып алууларынын башталышына чейин Арамейлер Алдынкы Азиядагы маанилүү роль ойногон этностордун бири болуп, арамей тили Жакынкы Чыгыштагы эл аралык жана маданий карым-катнаштардын тили катары пайдаланылган. Азыркы ассириялыктар өзүлөрүнүн түпкү тегин Арамейлерден келип чыккан деп эсептешет.