АРАЛАШ ЭКОНОМИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:48, 5 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАЛАШ ЭКОНОМИКА– экономиканын мамлекеттик, кооперативдик жана жеке менчик максатка негизделген чарба жүргүзүү системасы. Дүйнөдө Аралаш экономиканын бир нече түрү калыптанган: өнөр жайы өнүккөн АКШ, Улуу Британия,Германия, Япония, Франция сыяктуу мамлекеттер индустриялуу Аралаш экономикага өтүүдө; 2) Чыгыш Европа жана башка өлкөлөрү мамлекеттик коомдук түзүлүштөн социалдык аралаш коомго айланууда; 3) Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрүндө жаңы индустриялык Аралаш экономиканын өнүгүү процесси жүрүүдө жана алардагы капитал наркында мамлекеттик контролдун ийкемдүү формалары, өнөр жай жана анын тармактары өсүп-өнүгүүдө; 4) Латын Америка өлкөлөрүндө менчиктештирүүнүн темпине карабастан мамлекеттик экономикага аралашуу, макротурукташтыруунун пайдалуулугун өнүктүрүп, активдүү социал­дык саясат жүргүзүү үстөмдүк кылууда.
Өнүккөн өлкөлөрдө көп максаттуу Аралаш экономика басымдуулук кылат жана анда жеке, мамлекеттик мен­чик менен катар муниципалдык, кооперативдик жана башка менчик түрлөрү да өнүккөн. Аталган Аралаш экономика түрлөрүн ишке ашырууда аймактык, улуттук жана жергиликтүү шарттарды, элдин ар түрдүү социал­дык топторунун мүмкүнчүлүктөрүн жана мүдөөлөрүн эске алуу маанилүү.
Кыргызстанда капиталы бириккен ишканалар, акционердик коомдор бар. Аларда чет элдик жана мамлекеттер аралык менчик түрлөрүндө өнүгүүдө. Аралаш экономиканын максаты – өндүрүш менен байланышта, илимий-техникалык, инвестициялык жана сервистик тармактарда дүйнөлүк коомдоштук курамына кирүү. Алардагы менчик ээлери өзү иштеп жат­кан мамлекеттин мыйзамдарына жана нормативдик актыларына ылайык иш жүргүзүшөт.