АРАЛ кыштагы Сокулук району

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:10, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАЛ – Чүй облусунун Сокулук районундагы эки кыш­так. Крупская айыл округуна караштуу. Ч е т к и А р а л райондун борбору Сокулук кыштагынан 7 км түндүк-батыш тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 9 км. Деңиз деңгээлинен 700 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 331 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Ж а к ы н к ы А р а л райондун борбору Сокулук кыштагынан 4 км түндүк тарапта, Шопоков темир жол бекетинен 6 км. Калкы 1148 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Негизги мектеп бар.