АРАЛ кыштагы (Ноокен)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:47, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАЛ – Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы кыштак. Арал айыл аймагына караштуу. Жогорку Арал жана Төмөнкү Арал айылдарынан турат. Деңиз деңгээлинен 620 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Масы кыштагынан 8 км түштүк-чыгыш тарапта, облустун борбору жана темир жол бекети Жалал-Абад шаарынан 48 км. Калкы 1178 (2009); негизинен пахтачылыкта, дан өсүмдүктөрүн жана жашылча өстүрүүдө эмгектенет. Негизги мектеп, кесиптик техникалык окуу жайы, амбулатория, маданият үйү, мечит, 2 тегирмен, май жуаз, стадион бар. Дыйкан жана жеке чарба уюшулган.