АРАКС
АРАКС – Закавказье менен Түркиядагы (башталышы) дарыя, Куранын оң куймасы. Узундуг 1072 км, алабынын аянты 102 миң км². Башталышында кууш терең өрөөн аркылуу агат, ортоңку агымында (Арарат түздүгү) өрөөн кеңейип, салааларга бөлүнүп кетет. Төмөнкү агымы Кура Аракс түздүгү аркылуу өтөт. Орточо чыгымы төмөнкү агымында 285 м³/сек. Аракс жылына 16 млн т агынды алып келет. Aракста СССР менен Иран курган гидротехникалык комплекс иштейт.