АРАКЕТТЕГИ ЖАНАР ТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:49, 5 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАКЕТТЕГИ ЖАНАР ТОО – азыркы мезгилде дайыма же мезгил-мезгил менен жердин түпкүрүнөн ысык газдын, күлдүн, буунун, лаванын жана тоо тек сыныктарынын жер бетине бүркүлүп чыгып турушу. Ошондой эле атылып чыккандыгы дарексиз, бирок андан ысык газ жана суу чыгып турган жерлер да аракеттеги жанар тоого кирет. Аракеттеги жанар тоолордун көбү Тынч океандын жээктеринде жана аралдарында, Ява догосунда жайгашкан. Мисалы, Везувий, Ключевая Сопка, Котопахи, Этна жана башкалар.