АРАГОНИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:09, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАГОНИТ (Испаниядагы Арагон деген жердин атынан) – карбонаттар классындагы минерал. Химиялык формуласы Са[С03]. Ромб сингониясында кристаллданат. Жер бетиндеги геологиялык тышкы процесстерге туруксуз келип, кальцит минералына өтүп кетет. Өңү түссүз ак, кээде ачык жа­шыл, кызгылтым көк. Айнек сымал жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 3,5–4. Салыштырма салмагы 2,95. Интрузия тоо тектеринин минералдарында жана минералдуу арашан сууларынын чөкмөлөрүндө кезигет. Өңү кубулган берметтер менен акактардын көпчүлүк бөлүгү арагониттен турат.