АРАВАН-САЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:23, 29 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАВАН-САЙ – Ноокат ж-а Араван р-нун аймактары аркылуу аккан суу. Уз. 102 км, алабынын аянты 1960 км2. Кичи Алай кырка тоо­сунун түн. капталындагы мөңгүлөрдөн башта­лат. Башталышыида Гезарт, ортонку агымында Чили-Сай, Кыргыз-Ата аталат. Шаарихан-Сай каналына куят. Жогорку агымында шар

�ккан тоо суусу, Ноокат өрөөнүнөн чыккандан кийин (Жады-Ноокат кыш. тушта) шиленди конусту пайда кылып, суунун бир тобу жерге сиңип кетет, бул жерден айрым каналдар башталат. Ноокат ойдуңунда Кыргыз-Ата ж-а Косчан кошулгандан кийин Кара-Чатыр тоосун кесип өтүп Фергана өрөөнүнөн чыкканда каналдарга бөлүнүп кетет. Ири куймалары: Кыргыз-Ата, Косчан, Агарт, Ак-Дөбө. Жылдык орт. чыгымы 10,4 м3/сек. Эң чоң чыгымы июнь – июлда, азы март – апрелде байкалат. Майда кире баштап, октябрда тартылат. Боюнда Жа­ңы-Ноокат, Тельман, Косчан, Беш-Мырза, Ара­ван кыш. жайгашкан. Сугатка пайдаланылат.