АРАБЕСКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:25, 18 Июль (Теке) 2025 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАБЕСКА (италянча arabesko – арабча) – 1) с ү р ө т т ө мусулман өлкөлөрүнүн орто кылым искусствосунда калыптанган оймо-чийменин европалык аталышы.­

Файл:АРАБЕСКА 26.png

Геометриялык, өсүмдүк же эпиграф мотивдери улам өнүктүрүлүп, жыш оймо-чийменин бир түрдүү формаларынын улам кайталана бериши менен өзгөчөлөнөт. Арабеска колдонулуп мечиттин дубалы, куполдун беттери кызыл-тазыл кооздолот; 2) м у з ы к а д а – фортепьяно үчүн жазылган обонго бай чакан музыкалык пьеса. Р. Шумандын, Н. Гаденин, А. С. Аренскийдин, А. К. Лядовдун, Н. К. Метнердин, К. Дебюссинин жана башка арабескалары белгилүү.