АРАБАЕВ Чолпонкул Исаевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:18, 13 Март (Жалган куран) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАБАЕВ Чолпонкул Исаевич (17. 09. 1957, Кыргыз ССРи, Тянь-Шань облусу, Нарын району, Дөбөлү айылы) – юрист, юридика илимдеринин доктору (2005), профессор (2004). Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү (2010), академиги (2021). КРдин эмгек сиңирген юристи. Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Кыргыз Мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин (1983), Москвадагы СССР Илимдер Академиясынын мамлекет жана укук институтунун аспирантурасын (1990) бүтүргөн. 1983–1987-жылдары КМУнун юридика факультетинде окутуучу, 1991–1996-жылдары окутуучу, улук окутуучу, до­цент, кафедра башчысы, даярдоо бөлүмүнүн деканы, даярдоо борборунун директору, 1996–2002-жылдары КРдин юстиция министринин орун басары, 1-орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратында административдик-укук департаментинин башчысы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү, КРдин Премьер-министринин кеңешчиси, КР Өкмөтүнө караштуу миграция жана демография агентствосунун директору, 2002–2003-жылдары КР ЖКнын Мыйзам чыгаруу жыйынындагы КР Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү, 2003–2005-жылдары Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык академиясынын (КМЮА) ректору, 2005–2006-жылдары КМЮА, КМУ жана КРСУда кафедра профессору, 2006–2010-жылдары КРдин мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин борбордук аймактык өкүлчүлүгүнүн башчысы (Чүй, Талас облустары жана Бишкек шаары боюнча) жана ошол эле мезгилде КМУ жана КРСУда кафедра профессору, 2010–2012-жылдары КРдин мамлекеттик кадр кызматынын директору, 2012–2013-жылдары КМУда кафедра башчысы, 2013–2017-жылдары КР УИАда башкы окумуштуу катчы, 2017–2019-жылдары КР УИАнын социалдык-саясий изилдөө, философия жана укук институтунун мамлекеттик башкаруу жана саясий изилдөө, экспертиза бөлүмүнүн башчысы, башкы илимий кызматкер, 2019-жылдан КР УИАнын саясий изилдөө жана экспертиза борборунун директору, 2022-жылдан КР УИАнын вице-президенти. Конституция, жарандык, үй-бүлөлүк, жер жана агрардык укук, ошондой эле илимий-популярдык эмгектердин (анын ичинде 4 монография, 10 окуу жана окуу-усулдук колдонмо) автору. «Манас – 1000» медалы, КР ЖКнын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Эмгектери: Кредитные правоотношения в сельском хозяйстве. Б.,1994; Гражданский кодекс – основопологающий закон рынка. Б.,1995; Гражданско-правовой договор кредитования. Б., 2005.