АРАБАЕВ Автандил Анисович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 13 Март (Жалган куран) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАБАЕВ Автандил Анисович [11. 08. 1962, СССР, Кыргыз ССРи, Ош облусу, Жалал-Абад (азыркы Манас) шаары] – 24. 06. 2024, Бишкек) – юрист, юридика илимдеринин доктору (2008), профессор. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи (2009). Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын (1981), Фрунзе шаарындагы орус тили жана адабияты педагогика институтун (1986), Кыргыз Мамлекеттик университенинин кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтун (2000), Казакстан Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын мамлекет жана укук институтунун аспирантурасын (2001) бүтүргөн. 1986–2018-жылдарда Фрунзе шаарындагы орус тили жана адабияты педагогика институтунда, эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясында, Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык академиясынын мыйзамдуулук жана салыштырмалуу укуктук изилдөө институтунда, Кыргыз-Казак юридикалык жана мамлекеттик кызмат академиясында, Ж. Баласагын атындагы КМУнун юридика институтунда окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессор, кафедра башчысы, директор, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Аппаратында улук консультант, сектор башчысы, эл аралык иштер, парламенттер аралык байланыш жана протокол бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 2018-жылдан ЖАМУда юридикалык факультеттин деканы, «Укук жана саясат» илимий-методикалык журналынын башкы редактору. 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (IV чакырылышы) болуп шайланган.

Эмг.: Конституционное развитие Кыргызстана. Б., 1998; Парламентаризм и Парламент Кыргызстана: генезис, состояние, перспективы. Б., 2008; Современный Кыргызстан: государственно-правовое развитие. Б., 2009.