АРАБ ДЕҢИЗИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:17, 2 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАБ ДЕҢИЗИ-- Инди океанында, Араб (батышында) ж-а Индстан (чыгышында) ж. а-нын аралыгында. Жибути, Йемен Элдик Демократия Республикасы, Оман, Бириккен Араб Эмирликтери, Иран, Пакистан, Индия ж-а Сомалинин жээктерин чулгайт. Аянты 4832 миң км2. Эң терең жери 5803 м. Жээктери бийик, аскалуу, айрым жери түздүк дельталуу. Ири булуңдары: Аден, Оман. Деңизге Инд д. куят. Суусунун орт. темп-расы 22°Сден 29°Сге чейин. Туздуулугу 35,8-36,5%о. Суткасына 2 жолу ташкындайт (бийикт. 5,1 jure чейин). Балык (тунец, кылыч балык ж. б.) кармалат. Негизги порттору: Бом­бей (Индия), Карачи (Пакистан), Аден (ЙЭДР).