АРАА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:57, 12 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАА– жыгач, металл, таш, бетон ж. б. текзаттарды (материалдарды) тааруу, жара тилүү үчүн колдонулуучу кол же тестик (станоктук) көп кескичтүү шайман. Жыгач тааруучу кол Араанын узатасынан жана ийри тааруучу түрлөрү бар. Жыгач өнөр жайында бензин же электр менен иштөөчү Араалар колдонулат. Металл түтүктөрүн, прокаттарды, тунуке тилкелерин ж. б. металл буюмдарын тааруу диск, сүрүлмө, мисалы, абразивдик жана тиштүү тасма , ийилчек болот тасмалар менен аткарылат. Ысык темирди кесүү үчүн

Файл:АРАА 21.png
Араанын түрлөрү: а – дискалуу араа; б — бычак сымал араа; в — тасмалуу араа.

өтө чоң айлануу жыштыктагы дискиси бар Араа колдонулат. Курулуш ишинде тоотектеринен такта, блок, дубал таштарын жасоо үчүн кескич шайманы бышык эритме тиштүү диск, аркан, чынжырлуу Араа, шакек фреза менен жабдылган таш кескич тилет. Кескич шайманынын диаметри 3-6 мм болот аркандуу аркан Араасы менен имарат жасалгалоочу таш иштетилет.