АПШЕРОН ЖАРЫМ АРАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:10, 28 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АПШЕРОН ЖАРЫМ АРАЛЫ (фарсы тилинде аб – суу, ширин — туздуу) Каспий деңизинин батыш жээгинде,Азербайжандын аймагында.Уз. 60 кмге чейин. Туурасы 30 кмге чейин, чы­гыш чети Шахов саяңы аталат. Баткактуу дөбөлөр ж-а туюк чуңкурдуктары бар күдүрлүү түздүк. Шор жерлер, туздуу көлдөр, нефть ж-а газ кендери бар. Эфемерлүү жарым чөл өсүмдүктөрү басымдуу (кышында да вегетация жүрөт). Түш.жээгинде Баку ш., түндүгүндө Апшерон курорттор тобу жайгашкан.