АПСИЕВ Моңош

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:18, 4 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПСИЕВ (Абзиев) Моңош (13. 08.1938-жыл, Нарын облусу, Нарын району, Кара-Булак айылы) – контрабасчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1996). 1958-жылы М.Күрөңкөев атындагы

Файл:АПСИЕВ 20.png

музыкалык окуу жайын бүтүргөн. К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде иштеген. 1958–1963-жылдары Алматы шаарындагы Курмангазы атындагы консерваторияда окуган. 1963–1966-жылдары кайрадан К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде солист, 1966–1967-жылдары А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын симфониялык оркестринин контрабас тобунун концертмейстери. 1967-жылдан Кыргыз улуттук теле­радиосунун симфониялык оркестринде эмгектенген. Кыргыз композиторлорунун ондогон аспаптык жана башка чыгармаларын контрабас үчүн иштеп чыккан. Медалдар менен сыйланган.